7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жөө басууну адатка айлантыңыз. Себеби…

443

Жөө басуу ден соолукка канчалык пайдалуу экендигин билесизби? Жөө басуу «оорунун эң мыкты дарысы «,- деп айтылып келет. Сергек жашоо образын сактагыңыз келсе сейилдеп, жөө басып көнүгүүлөрдү жасаңыз. Жөө басуу тынчсыздануу менен күрөшүү үчүн эң мыкты жол болуп саналат. Баса белгилеп кетчү нерсе, басып бара жатканда башыңызды жерге салбаңыз жана башты тик, ийиниңизди түз кармаганды унутпаңыз.

Жөө басуунун пайдалары:

• Сейилдөөнү сүйгөндөр аз кыймылдагандарга караганда ден-соолуктары чың болот.

• Организмдин инсулинди сиңирүү жөндөмү жогорулап, диабет оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгы азаят.

• Сөөк бекемделип, остеопороздун пайда болушуна бөгөт коюлат.

• Баскандан адам күч-кубат алып, ийилчээк, чыйрак болот.

• Арыктоого жана ашыкча салмак кошуудан сактана алат.

• Мээнин ишин жогорулатат, уйкунун сапатына, узактыгына оң таасир этет.

• Тынчсыздануу учурунда 15 мүнөт сейилдөө алда канча натыйжалуу болот.

• Рак оорууларын алдын алат.

• Омуртка тутумунун түз болушу үчүн күнүнө жарым саат басуу оң таасир берет

• Жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын жана кан басымды нормалдаштырат

• Жөө жүрүүдө булчуңдар активдүү иштеп, венанын көөп кетишин алдын алат.

•  сөөктүн бекем болушуна шарт түзөт.

• Көчөдө сейилдөө көңүлдү көтөрүп, депрессияны жеңүүгө жардам берет.

Адам күндүз канча убакыт же аралыкты басып өтүшү керек?

Абалыңызга карап, каалаганыңызча басып, аралыкты күнүнө орто эсеп менен 100 кадамга көбөйтүүгө аракет кылыңыз. Эң башкысы, процесстен ырахат алууну үйрөнүңүз, өзүңүздү кыйноо көнүгүүсү катары кабыл албаңыз.

Маалымат үчүн: басуу ылдамдыгы

Өтө жай басуу — мүнөтүнө 60-70 кадам;
Жай басуу — мүнөтүнө 70-90 кадам;
Орточо ылдамдыкта басуу — мүнөтүнө 90-120 кадам;
Тез басуу — мүнөтүнө 120-140 кадам;
Өтө тез басуу — мүнөтүнө 140 кадамдан ашык.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

444