Британиялык балыкчы Франциянын Шампан шаарындагы көлдөн дүйнөдөгү эң чоң алтын балыктардын бирин кармады. Анын салмагы 30 килограммдан ашкан. Бул тууралуу “The Daily Mail” басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, балык 20 жыл мурун балык уулоочу жайдан көлгө коё берилген. Балыкты кармоо үчүн балыкчы Энди Хэкет 25 мүнөттөй убакыт кетирген.
Кармагандан соң бир нече жолу сүрөткө түшүп, таразага балыкты тарттырып кайра көлгө коё берип ийген.