Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк иретинде карыз алуучулардын 19 млн 459 миң сомдук насыясы кечилди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-ноябрына карата карыз алуучулардан 443 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 19 млн 459 миң сом суммасында 283 насыя эсептен алынып, 36 млн 485 миң сом суммасында 155 кредит реструктуризацияланган.
Учурда Финансы-кредит уюмдары аталган региондордун жабыркаган карыз алуучуларынан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.