7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Белгилүү актёр Бурак Озчивиттин жылдыз болуп калышына атасынын орду чоң

543

Бурак Озчивит дүйнөгө таанымал актерлордун бири. Ал 1984-жылы 24-декабрда туулган. Түркиянын кичинекей Мерсин шаарында төрөлүп, көп өтпөй үй-бүлөсү менен Стамбулга көчүп кетишкен. Актер тууралуу кесиптештери жакшы сөздөрүн айтып келишет, ал эми күйөрмандары анын урмат-сыйга татыктуу үлгүлүү үй-бүлө башчысы экенине ишенишет. Бул макалада Бурак Озчивит тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтодук.

1. Бурактын атасынын өзүнүн рестораны бар болсо, апасы чарба иштерин жүргүзүп, эки баланы чоңойткон. Бурактын өзүнөн 5 жаш уулу Бурджун деген эжеси бар.
2. Бурак Озчивит Мармара университетинин көркөм өнөр факультетинин кино жана фотографиялык бөлүмүн аяктаган.


3. Анын карьерасы моделдик бизнестен башталган. 2003-жылы «Түркиянын мыкты модели» наамын алса, 2005-жылы «Дүйнөнүн мыкты модели» сынагында экинчи орунду алган. Атасы болбосо, мындай сынактарга катышпагандыгын билдирген. Анын атасы ага айтпай сүрөттөрүн моделдик агенстваларга жөнөткөн. Андан кийин кастингге чакырылган.
4. Бурак Озчивит 2004-жылы Угуркан Эрездин агенттигинде модель болуп иштей баштаган.

5. Алгач 2006-жылы сыналгыга чыккан. Биринчи актёрдук тажрыйбасы тууралуу берген маегинде «Мен үчүн актёрдук кесип кыйын болду, доктурга барсамбы деп дагы ойлогом» деп айткан.
6. Актёр бийиктиктен коркорун бир нече жолу билдирген.
7. Бурак Озчивит маегинде: «Эгер мен актер болбосом, футболчу болмокмун»,- деген. Ал футбол оюнун жакшы көрөт, бош убактысында футбол ойнойт.
8. Унааларды жакшы көрөт.
9. Жубайы менен «Королек птичка певчая” сериалында таанышып, жактырып калган.


10. Үй-бүлөсү кебаб ресторан бизнеси менен алектенет. Үй-бүлөлүк салтты улантуу үчүн актёр өзүнүн кафесин ачып, атын Бали-Бей деп атаган. Бурак жумасына жок дегенде бир күнүн өз мекемесинде өткөрүүгө аракет кылган. Анын айтымында, ал жакка дүйнөнүн булуң-бурчунан адамдар келишип ал менен сүрөткө түшүшчү. Убактысы аз болгондугуна байланыштуу кафени жабууга туура келген.


11. Бурак узак убакыт бою модель Джейлан Чапа менен кыз-жигит болуп жүргөндө ортодо көп таарынычтар болуп турган.
12. 2016-жылдын декабрь айында 32 жашын белгилеп жатып Бурак Фахрияга турмушка чыгуу сунушун киргизген. Түркиядагы эң сулуу түгөйлөрдүн үйлөнүү тою 2017 – жылдын 29-июнь айында белгиленген.
13. 2019-жылдын 3-апрелинде уулдуу болуп, атын Каран коюшкан. Учурда экинчи наристесин күтүп жатышат.
14. Озчивит «шишкебек» болуп дагы иштеген. Үй-бүлөсүнө жардам берип кафеде шишкебек болуп иштеп жүргөн.
15. “Kara sevda” сериалы ага атактуулук алып келген. Сериалда Неслихан Атагюль менен бирге ойногон. Кадрдан тышкары, мамилеси жакшы болбогонун ЖМКлар жазып келишкен. Себеби, Неслихандын жубайынын кызганычы болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

544