7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүк ташуучу унаадан 40тан ашык мигранттын жансыз денеси табылды

2006

АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарынын четинде жүк ташуучу унаадан кеминде 46 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Каза болгон жарандар АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттар болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда. Алар жүк ташуучу унаада ысыктан жана суунун жоктугунан каза тапкан болушу ыктымал. Окуя катталган жерде куткаруу иштерин жүргүзгөн топтун башчысы Чарльз Худ унаада эч кандай желдеткич жана суу болбогонун билдирген. Алар жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында тегерегинде жансыз денелер жаткан унааны табышкан. Кийин чиркегичтин ичинен да көптөгөн жансыз денелер табылган. Унаада 16 адам, анын ичинде 4 жаш бала тирүү калганын жана алар жакынкы ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

Сан-Антонио шаардык милиция кызматынын жетекчиси Уильям Макманус кылмыштуу окуяга байланыштуу 3 шектүү жаран кармалганын билдирген. Ал ошондой эле Сан-Антонио шаарынан 250 чакырым алыстыкта жайгашкан АКШ-Мексика чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту аткезчилердин жүк ташуучу негизги пунктуна айланганын белгилеген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2007