7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүк жеткирүү шылтоосу менен 4 миң доллар алып из жашырып кеткен шектүү кармалды

125

 Жүк ташуу шылтоосу менен ишенимге кирип, ири өлчөмдөгү каражатты жана автоунааларды ээлеп алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Милициядан билдиришкендкей, үстүбүздөгү жылдын 15-январында милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, шектүү Хоргос – Москва – Белгород багыты боюнча жүк жеткирүүнү убада кылып, ишенимине кирип 4 миң АКШ долларын алган. Бирок, акчаны алгандан кийин макулдашылган багытты атайылап бузуп, «Дунларова» чек ара посту аркылуу Кыргызстанга кирип кеткен. Ал жерден 4 унааны өзү каалагандай пайдаланып, алынган акчаны жеке муктаждыктарына жумшап жиберген.

Шектүү кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынды.

Милиция кызматкерлери шектүү сатууга үлгүрбөй калган 4 автоунааны таап, алар айып короосуна токтотулду. Тергөөдө аталган жарандын ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына да тиешеси бар экени аныкталды.

Милиция кимде-ким аталган жарандын аракеттеринен жабыркаган болсо же кандайдыр бир маанилүү маалыматка ээ болсо, төмөнкү номерлерге байланышууну суранат: (703) 35-15-65, (505) 919-149 же 102.

126