7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүрөк кемтиги бар кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат

416
Кытайдан (Хэнань провинциясы) Кыргызстанга парткомдун катчысынын орун басары, «Сюнкэ» ооруканасынын вице-президенти Вэй Сян баштаган төрт дарыгер келди. Алар менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самудин Шабыралиев жолугушту.Тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын, тактап айтканда, эки өлкөнүн адистеринин ортосундагы ар түрдүү профилдеги тажрыйба алмашууну талкуулашты. Бул жолугушуунун алкагында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту менен «Сюнкэ» ооруканасынын ортосунда жыл сайын жүрөгү катуу жабыркаган кыргызстандык 10 балага операция жасоо жөнүндө Меморандум түзүлүп, ошондой эле жыл сайын беш адамдан турган кыргыз дарыгерлеринин бригадасын Кытайга квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга жөнөтүү макулдашылган.

417