Бүгүн саат 06:22де кыргыз-өзбек чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын очогу Керкиден айылынан түндүккө карай 5 км, Найман айылынан түштүк-батышка карай 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан түндүккө карай 20 км, Ош шаарынан түштүк-батышка карай 60 км аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калкттуу пункттары — Керкиден жана Найман айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.