7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүрөк оорусунан жабыркап келген апа тез арада жардамга муктаж

258

Кочкор районунун 60 жаштагы тургуну Анаркүл Баялиева тез арада операция жасатууга муктаж. Мындан улам анын жакындары операцияга ири суммадагы акча керек болуп жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурайт.

Абалы начарлаган Анаркүл Баялиеваны текшерүүдөн өткөргөндө жүрөгүндөгү негизги делген үч кан тамыры тромб болуп, жүрөккө кан барбай калганы маалым болгон. Ага АКШ (Аортокоронарное шунтирование) диагнозу коюлган. Тагыраак айтканда, жүрөккө тез арада операция жасоо керек.

Мындан сырткары операциянын алдында анын башынан аневризма (баштын кан тамырындагы шишик) аныкталган.

«Бул шишиктин жарылып кетүү коркунучу жогору болгондуктан, алгач башына операция жасалышы керек. Ага препарат (спираль, баллондун баасы 6600 АКШ доллары) сатып алыш керек. Эртең биринчи операциясы ийгиликтүү жасалса, бир жуманын ичинде жүрөгүнө шунтоо жасалышы керек. Азыр бизди 2 чоң операция күтүп жатат. Буга 1 миллион сомдун тегерегиндеги каражат керектелет экен. Мындан улам колдон келген жардамыңыздарды сурайбыз», — дейт Анаркүл Баялиеванын жакындары.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Мбанк — 996 709 643 154 Айсалкын К;

Мбанк — 0500 60 60 88 Ырысбек Ж.

Анаркүл Баялиеванын жолдошу да узак убакыт бою оору менен алышып, жарым жыл мурун акка моюн сунган. Оор жоготуунун күйүтү эми минтип жалгыз бой эненин өзүн да дартка тушуктуруп, жашоо менен күрөшүп жаткан чагы. Балким сиздин кайрымдуулукка кошкон салымыңыз бир өмүрдү сактап калууга себепчи болор.

Маалымат үчүн: Коронардык артерияны шунтоо операциясы шунттарды (кан тамыр трансплантатын) колдонуу менен коронардык тамырдын тарылган жерин айланып өтүү аркылуу жүрөктүн артерияларында кан агымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү операция болуп саналат.

 

259