2026-жылдын 24-март күнү болжол менен саат 01:40 чамасында Жибек Жолу проспектиси, 204 дареги боюнча жөө жүргүнчүнү сүзүп, кома абалында калтырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгынын кесепетинен 1995-жылы туулган Б.К. аттуу жаран оор жаракат алып, кома абалында №4 шаардык ооруканага жеткирилип, ооруканага жаткырылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө МККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 25-март күнү айдоочу — 1998-жылы туулган С. уулу А. аныкталып, кармалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди. Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылууда.



