7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы окуу жылында мугалимдердин айлыгы жогорулайбы?

384

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигине маалымдагандай, мугалимдердин айлыгы 2026-жылдын апрель жана октябрь айларында эки этап менен жогорулайт.

“Учурда каржы кызматкерлери мунун үстүнөн иштеп жатышат. Сааттарды кыскартып коюу деген болбойт. Бирок, айлык акы мугалимдин иш натыйжасына карап көбөйтүлөт. Окуучунун билим сапаты жогорулаган сайын мугалимдин айлыгы да жогорулайт”, — дейт министр.

Буга чейин министрликтен окуучулардын жетишкендиктерине жараша мугалимдерге эмгек акы төлөөнүн модели иштелип жатканын айткан. Анда окуучулардын санариптик күндөлүгүнөн чейректик жана жылдык бааларына мониторинг жүргүзүлөрүн белгилешкен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 93 миңден ашуун мугалимдин 87 миңдейи мамлекеттик мектептерде иштейт. Жыл башынан бери билим берүү кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 25 миң 764 сомду түздү.

385