7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы Ош базар 3 айда курулуп бүтөт

258

Жаңы Ош базар 3 ай ичинде курулуп бүтөт, азыркысы толугу менен көчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күн мурун Ош базарга жасалган рейд учурунда билдирди.

Жаңы базардан зарыл болгон расмий документтери бар гана соодагерлер орун ала алат.

«Азырынча расмий документтери жок иштеп жаткандарга эч ким тийбейт. Бирок, биз көптөн бери эле документтерди ирээтке келтирүү зарылдыгын эскертип келебиз. Базар толугу менен көчүрүлөт. Жаңы базарга көчкөндөн кийин бул жакта соода кылганга тыюу салынат. 3 айдын ичинде бүтөт деп жатышат. Бардык соодагерлер жаңы орундарга которулат, эч ким калбайт. Бирок, жаңы базардан патенти жана соода кылуу үчүн мыйзамдуу келишими болгон жарандар гана алгачкылардан болуп орун ала алышат», — деди мэр.

259