7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы сатылып алынган учак Ошко учту. Билеттин баасы канча?

476

«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек – Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү менен учуп кетти.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиргендей, билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт, ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат: супер эконом — 4000 сом, толук эконом — 4500 сом жана флекс эконом — 5000 сом.

Ички каттамдар боюнча учак бүгүндөн баштап Ош шаарына учту, ал эми 28-сентябрдан тартып Жалал-Абад шаарына, 3-октябрдан баштап Баткенге каттайт.

Учак жүргүнчүлөргө толуп, авиабилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулду.

477