7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы шайланган мэр Эрмек Нургазиев күн өтпөй кызматтан кетти

363

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу катары тааныштырылган Эрмек Нургазиев күн өтпөй кызматтан алынды. Бул тууралуу Президенттик аппараттагы ишенимдүү булактар 7-каналга билдиришти. Ал арада өкмөттүн бул тууралуу расмий билдирүүсү ачыктала элек.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун атынан ачылган Instagram социалдык баракчасында мэр тууралуу билдирүү тарады. Анда, «Албетте, таза, жаш, идеалдуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», — деп жазылат.

Маалым болгондой, Эрмек Нургазиев бүгүн мэриянын кызматкерлери менен таанышып, маалымат жыйын өткөргөн.

Кызматтан кетүүсүнө анын буга чейинки жасаган мыйзамсыз иш-аракеттери себеп болгон.

https://www.instagram.com/p/CLEA6LNJFDv/?utm_source=ig_web_copy_link

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

364