7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаагына «Б» тамга басылган малды сатып албаңыз

351

Чүй облусуна караштуу Кемин райондук ветеринардык башкармалыгынын адистери бруцеллёз ылаңын аныктоо үчүн айылдагы малдардан кан алып, ооруга каршы эмдөө иштерин жүргүзүүдө. Натыйжада канынан аталган дарт аныкталган уйлардын эки жаагына «Б» тамгасы басылып жатат.

Бул жугуштуу илдеттин адамдарга жугуп калуу коркунучун алдын алуу. Себеби мал ээси бруцеллёз менен ооруган уйду сатып жибериши толук мүмкүн. Талап боюнча бруцеллёз чыккан малды 15 күндүн ичинде союп жоготушу керек. Бруцеллёз адамга малдын эти, сүтү аркылуу жугат. Ошондуктан бул оорудан сак болуу керек.

Белгилек кетсек, жыл башынан бери Кемин району боюнча 69 малдан бруцеллез аныкталып, баары жок кылынган. Маселен, оорулуу мал бала салганда, туут учурунда көптөгөн бруцеллез деп аталган ооруунун козгогучтары бөлүнүп чыгат.

Бул учурда мал турган жер жугуштуу болот. Козгогучу жер кыртышында, жүндө, териде, сүттө жана сүттөн даярдалган азыктарда бир нече айга чейин сакталат. Бруцеллёз менен кой, эчки, бодо малдар (уй, топоз), бугу, айрым учурларда ит, үй канаттуулары, кемирүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү (чычкан) ооруйт.

Оорунун козгогучу туут мезгилинде жатындын суюктугу, чарайнасы, малдын сүтү, заарасы, заңы жана башка менен сыртка бөлүнүп чыгып, жер-сууну булгайт. Бруцеллёз менен ооруган мал көпчүлүк учурда өлүү тууйт.

Эскерте кетсек, ветеринардык врачтар бруцеллёз оорусун алдын алуу жана болтурбоо максатында жыл сайын профилактикалык иштерди жүргүзүп, малга күзүндө жана жазында вакцина сайышат.

352