7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 77 млн доллардан ашты

162

Кумтөр долбоорунун мамлекетке өтүшүнөн улам толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 77 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Тоо кен тармагында президентибиз Садыр Жапаровдун көрөгөчтүгүнүн жана саясий эркинин аркасында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду – 30 жылдан бери биринчи жолу иш жүзүндө Кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары корголду. 27 жылда 400 тонна алтын өндүрүп, бирок болгону Кумтөрдөн 100 млн долл дивиденд алсак, азыр 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп – 291 млн долл дивидент алдык, ал эми салыктык ж.б. төлөмдөрдөн бюджетке 3 жылда 990 млн долл түштү”, – деди Жапаров.

МинКаб төрагасы ошондой эле өлкө тарыхында биринчи жолу геологиялык чалгындоого 1 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалап, тоо-кен ишканалары өлкөгө 3 жылда 111 млрд сом киреше бергенин билдирди.

“2030-жылга чейинки келечекте. Урматтуу депутаттар, дүйнөдө критикалык минералдар деген термин пайда болду. Ал эми Кыргызстандын аймагында ата мекендик геологдор тарабынан 5000ден ашык пайдалуу кендер ачылган, баскан жерибиз азырынча адамдын колу тие элек байлык, жер астындагы кендерибиздин геологиялык-экономикалык потенциалы – жүздөгөн млрд долларлык байлыктар”, – деди ал.

 

163