Араван районунда Араван-Сай дарыясынын жээгиндеги жүргүзүлгөн демонтаждоо иштери аяктады. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
УКМК төрагасынын 20-июлдагы протоколдук буйругун аткаруунун алкагында Араван-Сай дарыясынын жээгинде, суу артериясынын эки тарабында жалпы узундугу 1150 метрге жакын мыйзамсыз соода курулуштарын демонтаждоо иштери аяктады.
Учурда райондун борборунун борбордук трассасындагы тыгындарды жоюу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында дарыянын жээгине сейил бактын аймагын түзүү боюнча жергиликтүү бийлик курулуш иштерин баштады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram