Эртең, 10-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Ал эми тоолуу райондорго кар түшөт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 22…27°
- Таласта түнкүсүн 6…11°, күндүз 21…26°
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 10…15° күндүз 25…30°
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 17…22°
- Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7°, күндүз 2…7°.
- Бишкекте түнкүсүн 10…12, күндүз 25…27 градус болот.