Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Эрнст Акрамов биргеликте ишембилик кылып, кол кармашып сүрөткө түшкөн. Анда Бейшеналиев “лопух” деген сөзгө Акрамов таарынган жок деп билдирди.
«Мен ооруканага барсам, Акрамов жүрүптүр. Экөөбүз биргеликте ишембилик кылдык. Акрамов менен 3 жыл чогуу иштегенбиз, ал бөлүмдүн башчысы болгон. Ал мени жаш кезимде жаман сөздөр менен тилдечү. Анан мен аны азыр «лопух» дедим. Ал мага “лопух” деп айтканыма рахмат, мындан да жаман сөздөр менен сөгөт деп ойлогом деди. Анткени мурда баарыбызды жаман сөздөр менен тилдечү. Башкалар башын ылдый салып жүрчү, мен эле буга жооп кайтаргам. Анан мени жумуштан кетирип жиберген. Ошондо мен ага бир күнү чоң болгондо сени айдайм деп айткам. Азыр ал «лопух» дегенге сүйүндү, аны башка сөздөр менен сөксөм да таарынбайт болчу. Кой эми улуу киши деп кечиримдүү болдум. Баары элдештиңерби деп сурап атышат. Бирок, биз урушкан эмеспиз да. Хирургдар бири-бирибизди түшүнөбүз. Акрамов экөөбүз жаш кездерди дагы эстештик. Ал менин реформамды дагы колдоду”,- деди министр.
Ошондой эле министр “Алтын балалыкка” барып, депутаттар менен биргеликте жүрөгүнөн операция болгон балдарды көрүп келгенин жана аталган мекемени 1-июнга бүтүрүүнү пландап жатканын кошумчалады.