7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

83 өлкөдөн келген студенттердин арасынан бюджеттик орунга суурулуп чыккан чет жердеги мекендешибиз Шабдан

750

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай” демекчи Кыргызстан менен гана чектелип калбастан, окуусун Санкт-Петербург шаарында уланткан мекендешибиз Шабдан өзүнүн ийгиликтери менен бөлүштү.

-Саламатсызбы Шабдан, ден-соолук окууларыңыз кандай?

-Саламатсызбы? Алгач өзүмдү тааныштырып өтөйүн, атым Шабдан. Бишкек Мамлекеттик университинин журналистика факультетин 2021-жылы «Жылдын мыкты студенти» наамын алып, ийгиликтүү бүтүргөм. Учурда, Орусия федерациясынын Санкт-Петербург университетинде магистратура бөлүмүндө окуп жатам. Багытым медиа-коммуникация жана коомчулук менен байланыш.

— “Жылдын мыкты студенти” наамын кантип алып калдыңыз?

-Балким, азыркы учурда окуп талыкпай эмгектенип жаткан студенттерге жылдын мыкты студенти деп мени үлгү катары айтып жатса керек. Бул мени кубандырат. Университетте окуп жүргөндө ар кандай иш- чараларга активдүү катышып жүрдүм, жакшы да окудум. 4 жыл бою талыкпаган билимим бааланып, «жылдын мыкты студенти” болуп калдым.

-Чет өлкөдөгү окууга кантип өтүп калдыңыз?

-3-4-курста окуп жүргөндө аябай ойлондум. Балким, окуумду чет өлкөдөн улантсам, башка бир өлкөдөн , башка бир маданий чөйрөдөн билим алып келсем, алардын маданияты менен таанышсам деген ой келди. Мүмкүнчүлүгүм туура келген Орусия федерациясы болду. Негизи Европа мамлекетине Германия, Италияга же Францияга деп ойлогом, бирок Санкт-Петербург университетине өтүп калдым. Бул университет чет өлкөлүк студенттер үчүн портфолио конкурсун уюштурган болчу. Потрфолио конкурсуна катышып, 183 өлкөнүн ичинен суурулуп чыгып, мамлекеттин эсебинен бюджеттик окууга өттүм. Бул нерсеге сыймыктанам, албетте ата-энемдин жана мугалимдеримдин эмгеги чоң.

-Ал жакта окуу системасы жана жашоо шарттары кандай?
-Ал жакта мугалимдердин билим берүүсү өзгөчөлөнөт жана студенттер дагы жакшы окушат. Илимий чөйрөдө жүрүү кыйын жана кызыктуу. Башка мамлекеттерден келген студенттерге өзүнчө жатаканасы бар. Баарыбыз ынтымакта жашап, бир-бирибиздин маданий чөйрөбүздү сүйлөшүп жайылтканга аракет кылабыз.

-Ал жака барып окуйм дегендерге кандай кеңеш бересиз?

-Биринчиден туура максат коюп, талыкпай эмгек жасаш керек. Экинчиден эч нерседен коркпоо керек. Чет өлкөгө чыгып жатканда Европага, Америкага болобу алдыңда көптөгөн кыйынчылыктар болот, чыдаш керек. Аракет кылсаң эле ийгилик сен тарапта болооруна ишенем.

-Ал жакта окуп жүргөндө кандай кызыктуу учурлар болду?

-Ар кайсыл улуттан келип балдар окугандыктан кызыктуу учурлар көп эле болот.

— Башка өлкөдөн тажрыйба алып келгенден соң Кыргызстанга келип эмгектенесизби?

-Сөзсүз түрдө андай пландар бар. Тажрыйба топтоп өз өлкөмө кайтып барам. Мекенге болгон сагынычым абдан чоң.

-Алдыдагы максаттарыңыз жана пландарыңыз?

-Бул суроого философиялык жооп берейин. Максаттар, пландар көп анын баарын айта берсең түгөнбөйт. Эң негизги башкы максат кайсы өлкөдө жүрсөң дагы адам бойдон калуу. Менин планым өзүмдү илимий чөйрөдө окумуштуу катары көрүп жатам. Балким, бир чоң окумуштуу болом деген тилектер бар , аракет кылып эмгектенип жатам. Коомдо, чөйрөдө өз ордумду табуу. Жана коомго өз пайдамды алып келүү. Ушул менин эң башкы максатым…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

751