7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жабырлануучуну алдап жер тилкесин жана унаасын тартып алган жаран кармалды

759

Жабырлануучуну алдап жер тилкесин жана унаасын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин ИИМдин Тергөө кызматына арыз менен жаран (аял киши) У.Н. кайрылып, “Куба” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал арызында 2018-жылдын ноябрь айында алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, жер тилкесин, “РЕНО 340” үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып качып кеткендигин билдирген.

Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Тыкыр иликтөө максатында милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактоо, жашаган жерин жана тааныштарын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлеринин аракети менен Бишкек шаарында жашаган шектүү 1989-жылы туулган О.К. кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери уланып жатат», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

760