7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайыл РЭТнин мурдагы башчысы жана башкы инженери кармалды

599

Чүй облусунун Жайыл райондук электр тармактарынын (РЭТ) мурдагы жетекчиси жана башкы инженери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалышкан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Жайыл РЭТнин жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жарандардан электр иштерин жүргүзүү үчүн системалуу түрдө ири суммадагы акча каражатын алып, жеке максаттарына пайдаланып, Жайыл РЭТнин негизги каражаттары жана инвентардык баалуулуктары негизсиз коротулганы аныкталды.

Мурдагы жетекчи Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т.нын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 1 млн 32 миң 197 сом ири зыян келтирилип, алар тарабынан толук өндүрүлдү.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка күнөөлүү адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600