7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жакшылыкка жоруп койдук». Түптө өзгөчө табылга табылды (ВИДЕО)

888

Түп районуна караштуу Ак-Булуң айылындагы айдоо жерден тарыхый эстелик табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Турмуш басылмасына билдирген.

Эстелик 15-октябрь күнү, кечке маал Ак-Булуң айылынын тургуну Эркин Турбаев жер айдатып жатканда табылган. Анын айтымында, айыл чарба техникасынын сокосу ташка тийип, сынып калган.

«Быйыл жерди даярдап, кийинки жылы картошка айдоону пландап жаткам. Анан эле айыл чарба техникасынын сокосу ташка тийип сынып калды. Айдоочу ташты албасак, шаймак кайра сына турганын айтты. Узундугу 2 метрден ашуун балбал таш чыкты. Мен жаңы иштетүү аракетин көрүп жатканда, айылга да чоң табылга болду. Муну мен жакшылыкка жоруп койдум»,- деген ал.

Ал эми Ак-Булуң айылдык кеңештин депутаты алдыда аталган табылганы музейге коюп, туристтерди кызыктырууга мүмкүн экенин билдирди.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

889