Жалал-Абадда асфальт төшөө жумуштарына байланыштуу шаардын бир бөлүгү 1-ноябрга чейин убактылуу жабылат.
«Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору! Асфальт төшөө жумуштарына байланыштуу шаардын Барпы Сейил көчөсүнүн Куркура көчөсүнөн Барпы айыл аймагына чейинки кеңейтилип жаткан бөлүгү 20-октябрдан 1-ноябрга чейин убактылуу жабыла тургандыгын эскертебиз. Жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз»,-деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган көчөнүн кеңейтилип жаткан бөлүгү 450 метрди түзүп, курулуш жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.