7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жактоочу аял 200 миң $ пара менен кармалды

775

Алдамчылык фактысы боюнча «П» жактоочулар коллегиясынын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Жактоочу Э.Д.Т. юридикалык жардам көрсөтүүдө, өзүнүн жактоочулук ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, маселени коррупциялык жол менен чечүү шылтоосу менен, жабырлануучудан кылмыш ишин тергеп жаткан укук коргоо органынын кызмат адамдарына жана соттун мыйзамсыз чечимине карата 200 миң доллардан ашык акча алган.

Ал ири суммадагы акча каражатын алганына карабастан, жабырлануучу кылмышка күнөөлүү деп табылган. Өз милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн, анын ичинде мыйзамсыз акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү көздөгөн жактоочуга карата чара көрүү менен жабырлануучу УКМКга кайрылган.

5 миң долларды кайра кардарына кайтарып берип жаткан учурда жактоочу кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

776