7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакында ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

736

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев ички каттамдардын санын көбөйтүү максатында кичи авиацияны өнүктүрүү, ошондой эле жарандык авиация тармагында кадрларды даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Бакыт Төрөбаев министрликтин алдына ички каттамдардын санын көбөйтүү, тиешелүү кадрларды даярдоо жана ички аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу максатында кичи авиацияны өнүктүрүү жаатында мамлекеттик программаны кабыл алуу боюнча чечимдин долбоорун даярдоо милдетин койду.

Белгиленгендей, жакынкы аралыкта ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт.

Ошондой эле ал ведомствого ата мекендик авиакомпанияларды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгаруу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737