Кыргызстанга жакында Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасы алынып келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сатылып алынган 1,1 млн вакцинанын дозасы жакынкы күндөрү Кыргызстанга атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинет.
Министрлер кабинетинин аталган кадамы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргызстанга эмдөөлөрдү жеткирүү тууралуу өз учурундагы чечимине жараша орун алды жана өлкө тургундарын вакцинациялоо темпин тездетүүгө жана COVID-19 дарты менен ооругандардын жана андан каза болгондордун санын кыскартууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, республикага вакцинанын жеткирилиши жана калкты вакцинациялоо маселеси министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө.