Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:53тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Кетмен-Төбө шаарчасында, Бор-Дөбө, Көк-Бел айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.