Жалал-Абадда Чаткал дарыясында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Чаткал дарыясына эркек киши түшүп кеткен туралуу маалымат түшкөн.
Жерине 7 куткаруучу тартылып, 45-жаштагы А.Ж. аттуу жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар менен биргеликте чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.