7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад мектептеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

202

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мэрия, билим берүү жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Социалдык тармактар аркылуу такталбаган маалыматтарды таратпоого, бөлүшпөөгө, интернет желесинен позитивдүү маалыматтарды окууга жана көрүүгө үндөштү. Таң эрте тайгак жолдордон этият болуп, акырын басуу керектиги жана түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыкпоо зарылдыгы жеткирилди.


Мындан сырткары милиция кызматкерлери окуучуларды татыктуу тарбия жана мыкты билим алууга чакырышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

203