7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталды

647

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлдү.

УКМКдан билдиришкендей, Комиссиянын ишинин жүрүшүндө КМДБнын жана ДИМКнын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныкталган. Райондор жана шаарлар боюнча: Сузак — 33, Базар-Коргон — 2, Ноокен — 5, Аксы — 3, Чаткал — 5, Токтогул — 1, Тогуз-Торо — 7, Жалал-Абад — 3, Майлуу-Суу — 1.

Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдап, комиссия тарабынан 49 мечитке аларды КМДБ жана ДИМК каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди.

Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, архитектуранын, КМДБнын жана ДИМКнын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648