7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облусунун башчысына сөгүш жарыяланды. Себеби?

809

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн кеңешмеде мамлекет башчы тарабынан кабыл алынган чечимди  Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев билдирди.

Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына кайрылып, Президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы ар кандай үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү ырым-жырымдарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды кыскартууга багытталгандыгын белгиледи.

«Калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштери улантылышы керек. Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду эскерүү иш-чараларында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуулугун жана акылга сыйбастыгын түшүнүшүбүз керек, мунун айынан айрымдар карызга батып, карыздан көп жылдар бою кутулууга туура келүүдө», — деди  Президенттин Администрациясынын өкүлү Айбек Жунушалиев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

810