Үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда “Чоң-Капка унаа жол” контролдук өткөрүү пунктунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда Кыргызстандын “А.Б.А.” аттуу жаранынын башкаруусунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унааны текшерүү учурунда, үй буюмдарынын астына катылган 28 даана кутуча дары-дармектер табылган. Ошол эле учурда бул товардын түрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.
Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.