7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБи бир катар журналисттерге сыйлык тапшырды

579

Бүгүн, 5-ноябрь Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы «7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө» карата бир катар журналисттерге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, журналисттерге Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдары жана ардак грамоталары тапшырылган.

«Журналисттерге сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев алардын келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады. Элибизге туура маалымат жеткирүүдө талыкпастан ак эмгек менен кызмат өтөп, позитивдүү маалыматтардын көп болуусуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле басма сөз кызматкерлеринин жумушу жоопкерчиликтүү экендигин белгилеп, иштеринде ийгиликтер жарала беришин каалады», — деп берилет маалыматта.

Өз кезегинде сыйлык алып жатышкан журналисттер ыраазычылыктарын билдирип, милициянын аткарып жаткан жумуштарына оң бааларын беришти.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580