7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБи жыл жыйынтыгын чыгарды

249

Бүгүн 21-январда Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштеринин 2020-жылдагы жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Жыл жыйынтыктаган ыкчам кеңешмеге Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков жана ОИИБдин бөлүм жана кызмат башчылары, ШРИИБ жетекчилери катышышты.


Алгач Жалал-Абад ОИИБдин былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен ийгиликтерди жараткан өз кесибинин мыкты кызматкерлери деп аныкталгандарга жана алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен ардагерлер кеңештерине сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле өткөн жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы менен мыкты ички иштер бөлүмдөрү аныкталды. 1-орунду Кара-Көл ШИИБи алып, ОИИБдин өтмө туусу ыйгарылды. 2-орунга Ала-Бука РИИБи, 3-орунга Таш-Көмүр ШИИБи жетишишти.


Кеңешменин экинчи бөлүгүндө коюлган меселелер каралып, былтыркы жылда аткарылган жумуштар талкууланып, жаңы 2021-жылга карата негизги ыкчам иш-чаралар кабыл алынды. Ошондой эле, кызматта кетирилген кемчиликтери, бети ачылбай калган кылмыштар жана тиешелүү деңгээлде иш жүргүзбөгөн бир нече кызматкерлерге карата тартиптик жаза берүү боюнча чечим кабыл алынды.


Белгилей кетсек 2020-жыл ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында КЖБРге жалпы 9000ге жакын (былтыр 9200дөн ашуун) материал катталган. Катталган кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү 83%ды (былтыр 81,3%) түзгөн. Оор жана өзгөчө оор 162 факты катталып, 130 кылмыштын бети ачылган. Ачылуу көрсөткүчү 80,2%ды түзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

250