7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар, жалпы 3 миңдей окуучу 1-класска барды

1279

Бүгүн, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептерде жаңы окуу жылы башталды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Бабаравшан Каримов жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Тайгараев аймактык башкаруусундагы №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектептеги майрамдык иш-чарага катышты.

Анда шаар мэри окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди билим күнү менен куттуктап, балдарга татыктуу таалим-тарбия, билим берүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле аталган мектептин абалы, жылытуу системасы, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн ашканасы менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар. Быйылкы жаңы окуу жылында шаардагы мектептерге 3миңдей окуучу 1-класска кабыл алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1280