7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында 797 окуучу 11-классты аяктады

662

Бүгүн, 25-май күнү Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты белгиленди.

Мектептерде өткөн майрамдык иш-чараларга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, орун басарлары Айбек Джолдошев, Гулбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар катышты.

Мектептердеги “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышкан жетекчилер бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдерди окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты. Ошондой эле бир катар алдыңкы мугалимдерге, окуучуларга Ардак грамоталарды тапшырышты.

Быйыл Жалал-Абад шаарында 797 бүтүрүүчү 11-классты, 2228 бүтүрүүчү 9-классты аяктап жатат. Алардын арасынан 5 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

663