Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан Нарын облусунун 2001-жылы туулган жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ал 24-май күнү инстаграм баракчасы аркылуу “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин төрагасынын жеке аккаунтуна фейк аккаунтунан №21- адистештирилген мектеп-интернатынын аймагына кечке маал жардыргыч зат коюу пландалып жаткандыгы тууралуу жалган билдирүү жөнөткөн.
Студенттерди жана мекемелердин кызматкерлерин эвакуациялоо чаралары көрүлүп, бирок жогорудагы даректин имараттарын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жардыруучу заттар жана башка кооптуу нерселер табылган эмес.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.