7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады

797

Бүгүн, 25-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түгөлбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосуна 22,5 тонна көмүр келип түштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков көмүр жеке ишкерлер менен сүйлөшүү аркылуу Таш-Көмүр шаарынан алып келингенин, базар баасынан 3 сомго чейин арзан экенин билдирди. Калаа башчысы көмүрдүн сапатын, элдин-суроо-талабын билүү үчүн алгач азыраак көлөмдө буюртма берилгенин кошумчалады.

Көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Ормоков муну көмүрдүн жарандардын барына бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана ортомчулар дүңүнөн алып, кайра элге кымбат баада сатуусунун алдын алуу максатында көрүлгөн чара экенин белгиледи.

Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат. Учурда Жалал-Абад шаарында жеке ишкерлер тарабынан бир тонна көмүр 6-7 сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарына жыл сайын 10миң тоннага чейин көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 80%ы камсыздалган. Ал эми социалдык мекемелер 100% га көмүр менен камсыз болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

798