7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад Түрк мамлекеттер уюмунун жаңы туристтик борбору болду

396

Жалал-Абад шаары мурда Түркистан шаарына караштуу болгон Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору статусун өткөрүп алды.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, Казакстандын Түркистан шаарында жаңы статусту ырастаган символикалык ачкычты тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Экономика жана коммерция министрлигинин Жашыл экономика жана туризм секторунун башчысы Алибек Матиев, Түркистан шаарынын акими Азимбек Пазылбекулы катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө тараптар Түркистан жана Жалал-Абад шаарларынын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жалал-Абадга жаңы статустун ыйгарылышы анын бириктирилген аймактык коомчулуктун алкагында туризмди өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгилеп, аймакты алдыга жылдыруунун жаңы перспективаларын ачат.

397