7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 2606 студент окуудан чыгарылып, жетекчилер иштен кетти

374

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жүрүшүндө окуу жараяндарына катышпаган жана өлкө аймагынан сыртта жүргөн студенттерди жасалма негизде окутуу фактылары аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 2606 студент окуудан чыгарылды, атап айтканда:

• Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинен (ЖАМУ) – 1142 студент, анын ичинен 167 чет өлкөлүк жарандар;

• К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык Университетинен (ЭАУ) – 895 студент;

• Заманбап Эл аралык Университеттен (ЗЭУ) – 497 студент;

• Борбордук Азия Эл аралык Медициналык Университетинен (БАЭМУ) – 58 студент;

• Жалал-Абад Эл аралык Университетинен – 14 студент.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана тиешелүү көзөмөлдү жүргүзбөгөндүгү университеттердин проректорлору жана жетекчилери кызматынан бошотулду.

Ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында жогоруда аталган окуу жайларынын жетекчилери жана профессордук-окутуучулук курамы менен жыйындар өткөрүлдү.

375