7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда арзандатылган баада 330 тонна көмүр сатылды

812

Жалал-Абадда арзандатылган баада 330 тонна көмүр сатылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында тоннасы 4 миң сомдон болгон көмүр шаар тургундарына жана Сузак районунун жашоочуларына сатылууда.

Эске салсак, шаар мэри Эрнисбек Ормоков арзан көмүр жарандарга жеткиликтүү болуусун жана ортомчулар дүңүнөн сатып алуусунун алдын алуу максатында, ар бир кардарга бир тоннадан ашык көмүр сатпоо тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, арзан баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишинде “Строймаркет” курулуш базарынын короосунда сатылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

813