7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда аярлуу 120 балага белектер берилди (ФОТО)

825

 

Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесиндеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова , Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова барды. Алар эмгек жамаатты жана балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, 120 балага жаңы жылдык белек беришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл Жалал-Абад шаарындагы 26 окуучуга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, 500дөн ашык балага жергиликтүү бийлик тарабынан жаңы жылдык белектер даярдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

826