7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда белгисиз жарандын жансыз денеси табылып, жакындары изделүүдө

226

Жалал-Абадда белгисиз жарандын жансыз денеси табылып, жакындары изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Фурманов көчөсүндө жайгашкан “Достук” мончосуна жакын жердеги кирпичтен салынган тосмонун жанында 45-55 жаштагы азиат улутундагы өздүгү аныкталбаган кишинин денесинде жарааты жок, өз ажалы менен каза болгон жансыз денеси табылган.


Белгилери: Бою 160-165 см. чачы кара, көзү кара, дене түзүлүшү орточо келген, сакал, муруту өскөн.


Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кара түстөгү куртка, ичинде кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү кроссовки.

Жогорудагылардын негизинде өздүгү аныкталбаган өлүк боюнча кандайдыр бир маалыматтар жана аны тааныган атуулдар болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуңуздарды суранабыз.


Байланыш тел: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.
Көрсөтүлгөн кызмат үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

227