7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлүүдө

285

Жалал-Абадда “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-январда Жалал-Абад шаарында кылмыштуулукка жана ар кандай укук бузууларга каршы багытталган “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлүп жатат. Бул иш-чарага Жалал-Абад ШИИБдин, Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлерлери тартылган. Профилактикалык жумуштарды 300гө жакын милиция кызматкери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүп жатышат.


Жалал-Абад шаары облустун борбору болгондуктан аймактардан келип көп кабаттуу турак-жайларда убактылуу батирде жашагандар көп. Буга байланыштуу алардын кайсы батирде кимдер менен жашай тургандыгы каттоого алынып жатат. Ошондой эле жарандардын паспорт эрежелери, милициянын каттоосуна алынгандар, автоунаалар, курал сактоочу жайлар текшерүүгө алынууда.


Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатышат. Алар элди бардык документтерине так жана сак болууга, кандайдыр бир коомго жат көрүнүштөргө күбө болсо милицияга кабар берүүгө чакырышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

286