7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда элден опузалап акча талап кылган жаран кармалды

399

2024-жылдын 10-декабрь күнү “С” аттуу жаран облус аймагында жарандардан опузалап коркутуп, акча чогултуп жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында, шектүү катары 1994-жылы туулган Сузак районунун Т.А. аттуу жараны кармалып, 16-январь күнү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү жарандын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургундыгы жана мурда соттолуп чыккандыгы маалым болгон»,- дешти Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абад шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып алынып, 25-февралга чейин камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

400