7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекетке кайтарылган жер тилкелерине ипотекалык үйлөр курулууда

391

2024-жылдын 1-жарым жылдыгында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын аймагындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 22 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

УКМК билдиргендей, алынган жерлердин жалпы суммасы 4 млрд 170 млн 432 миң 633 сомду түзгөн. Учурда бул жер тилкелеринде Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатат. Бул чаралар Садыр Жапаровдун Жарлыгын жана “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашырууга багытталган.

Курулуп жаткан турак-жай комплекстери жалпы аянты 424 478 чарчы метр болуп, 6610 батирди жайгаштыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, комплекстердин аймагында жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл инфраструктура, анын ичинде балдар жана спорт аянтчалары (13 140 чарчы метр), жер астындагы унаа токтотуучу жайлар (2 105 орун) каралган.

Бул жер тилкелерине башка социалдык объектилерди, атап айтканда университет, мектеп, бала бакчаларды куруу пландалууда.

392