Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБ кабарлады.
18-июнда саат 19:00 чамасында Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Чоң-Түз жайлоосунан эки жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга агып кеткендиги боюнча милицияга кабар түшкөн. Окуя болгон жерге жалпы 100гө жакын кызматкер издөө иштерине тартылган.
20-июнда баланын жансыз денеси ташка кыпчылып калган жеринен табылып, туугандарына өткөрүп берилди.