7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда мейманканада 14 жаштагы кыз зордукталган

628

Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде 14 жаштагы өспүрүм кыз зордукталган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 46 жаштагы район тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси үстүбүздөгү жылдын 2-январында болжол менен саат 22:00дө өспүрүм кызын 31 жаштагы бала күч колдонуп зордуктагандыгын айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул окуя Аксы милициясы тарабынан каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБге жиберилген.

Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан бул окуяга байланыштуу тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында арыз ээсинин арызында көрсөтүлгөн бала Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну 1993-жылы туулган Р.И. экендиги такталган.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

629