7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери «Ыр кесе» өткөрдү

124

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан, Жалал-Абад шаарында жайгашкан Алтын-Сарай ресторанында, Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган жана ошондой эле Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын өнүктүрүү максатында, “Ыр кесе” маданий иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жанаТалас ОИИБден келген коноктор ошондой эле Жалал-Абад ШРИИБдин башчылары, ардагерлер, өздүк курам катышышты.

Ыр кесе иш-чарасынын ачылышында Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов жалпы катышуучуларды жана конокторду келе жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун коргоодо өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу менен чектелип калбастан, улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча таланттарын көрсөтө алышарын белгилеп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ыр-бийлер аткарылып, ата-бабаларыбыздын келе жаткаткан салтты улап “Манас” айтуу, көркөм окуу менен коштолуп, ыр кесенин жүрүшүндө атайын боз үй тигилип, тогуз коргоол, топ-таш жана башка улуттук оюндар тартууланды.

Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Ыр кесе” Талас областтык Ички иштер башкармалыгына атайын «Ыр кесе сизге сунулду» аттуу ыр менен коштолуп өткөрүлүп берилди.

Ал эми Талас ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Зорбек Ибраимов өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кубануу менен ыр кесени кабыл алып, бул иш-чара мындан ары Талас областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан өткөрүлө тургандыгын белгиледи.

 

125